Дмитрий Бивол | |
Ишмердүүлүк тармагы: |
боксёр |
---|---|
Туулган датасы: |
18-декабрь, 1990 (жашы 33) |
Туулган жери: |
Токмок, Кыргыз ССР, Советтер Союзу |
Жарандыгы: |
Орусия |
Дмитрий Бивол (орус. Дмитрий Юрьевич Бивол; 18-декабрь, 1990, Токмок, Кыргыз ССРи, СССР) — жеңил салмак категориясында беттеш өткөргөн орусиялык кесипкөй мушкер. Орусиянын эл аралык класстагы спорт чебери, Жайкы Универсиаданын күмүш медалынын ээси (2013 ), согуш өнөрү боюнча дүйнөлүк оюндардын чемпиону (2013), бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун коло байге ээси (2008).
Кесипкөйлөрдүн арасында WBA версиясы боюнча дүйнөнүн учурдагы супер чемпиону (2019 — азыркы учурда), жана WBA версиясы боюнча мурдагы дүйнөнүн чемпиону (2017-2019), WBA версиясы боюнча убактылуу дүйнөнүн чемпиону (2016-2017), WBA континенттер аралык чемпиону (2015-2016) жана жеңил салмактагы WBC-USNBC АКШнын чемпиону (2015-2017).
Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Кыргыз ССРинин Токмок шаарында туулган[1].
Ал алты жашында бокска кызыгып, биринчи машыктыруучунун жетекчилиги менен машыгып баштаган. 2002-жылы атасы, апасы жана эки эжеси менен Санкт-Петербургга көчүп кеткен [2] . 2007- жылы бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери наамын алган[1]. П. Ф. Лесгафт (Санкт-Петербург ш) атындагы Улуттук мамлекеттик дене тарбия, спорт жана ден соолук университетин бүтүргөн.
Биринчи машыктыруучусу (1997-2002) Токмок шаарындагы өспүрүмдөр спорт мектебинде Кыргыз Республикасынын жогорку категориядагы эмгек сиңирген машыктыруучусу Шарапов Вячеслав Сергеевич болгон [2] . Учурда №1 спорттук-өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс боюнча бөлүмдүн башкы машыктыруучусу Алексей Федорович Куренковдун [3] РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Юрьевич Машьяновдун жетекчилигинде[1] машыгат.
Жогорку юридикалык билими бар. И. Т. Турбилин атындагы Кубан мамлекеттик агрардык университетин бүтүргөн.
Ийгиликтүү ышкыбоз мушкер, ышкыбоздор арасында Орусиянын эки жолку чемпиону (2012 жана 2014), Казанда өткөн XXVII Дүйнөлүк жайкы Универсиаданын күмүш байгесинин ээси (2013), Бүткүл дүйнөлүк согуштук өнөр оюндардын жеңүүчүсү (Санкт-Петербург, 2010). 17 жашка чейинки дүйнөдөгү эң титулдуу мушкер, кадеттер арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону, кадеттер жана жаштар арасында Европанын эки жолку чемпиону.
2014-жылы 28-ноябрда профессионалдык бокстагы дебюттук беттешин уругвайлык Хорхе Родригес Оливерага каршы өткөргөн. Беттештин акыркы алтынчы раундда техникалык нокаут болуп, Биволдун жеңиши менен аяктаган.
Төртүнчү беттешинде ал WBC-USNBC АКШ титулун жеңип алса, кийинки беттешинде WBA эл аралык титулуна ээ болгон.
2016-жылдын 21-майында Дмитрий Бивол (6-0, 6 КО) доминикалык Феликс Валераны (13-0, 12 КО) бир добуштан жеңип, WBA версиясы боюнча жарым оор салмактагы "убактылуу" дүйнөнүн чемпиону титулуна ээ болгон. Бивол дээрлик бардык раунддарда рингде толугу менен үстөмдүк кылып, Валераны эки жолу нокдаунга учураткан, бирок беттешти мөөнөтүнөн мурда бүтүрө алган жок. 12 раунддун жыйынтыгында калыстар 119:107, 119:107 жана 116:111 эсебинде жеңишти Дмитрий Биволго беришкен.
2017-жылдын 4-ноябрында Австралиялык Трент Бродхерст менен беттеш болгон. Беттешке аз калганда Бивол WBAнын толук чемпиону аталган. Беттеш биринчи раунддун аягында аяктаган. Биволдун оң колу австралиялыкты оор нокаутка учураткан.
Гон.8-жылдын 3-мартында WBA титулу үчүн милдеттүү атаандашы Кубалык Салливан Баррера менен беттеш өткөн. Бүткүл беттеште Бивол үстөмдүк кылып, он экинчи раундда кары кубалыкты нокаутка түшүргөн. Бул жеңилүү Салливан Барреранын карьерасындагы алгачкы жеңилүүсү болгон.
2018-жылдын 4-августунда экс-челленджер малавиялык Айзек Чилемба (25-5-2) менен беттешкен. Бивол салгылаштын дээрлик бүт жүрүшүн көзөмөлдөгөн, бирок эрте жеңишке умтулбаган жана атаандашы менен тирешип курчуган эмес. Чилемба дээрлик бардык раунддарда утулуп калган бирок беттешүүнүн акырында ийгиликтүү аракеттенип, он биринчи раундда чемпиондон мыкты болгон. Беттеш акыркы раунддка чейин созулуп, жыйынтыгында эки калыс Биволго бардык раунддарда жеңишти (120-108) берсе, үчүнчүсү беттешүүн тең атаандаштыкта деп эсептеген, 116-112 эсебинде Орусиялык мушкердин пайдасына чечечилген[4].
2018-жылдын 2 4-ноябрында, жарым оор салмактагы дүйнөнүн экс-чемпиону, тажрыйбалуу 36 жаштагы канадалык Жан Паскаль менен жолугушкан. Паскаль чемпиондук күч менен аракет кылыган жана бир канча сокку урган, бирок Биволдун ылдамдыгы жана техникасы боюнча артыкчылыгы абдан чоң болгон: Орус мушкеринин алдын ала айтууга боло турган чабуулдарынын көбүнөн ийгиликтүү качып, өзүнүн ийгиликтүү соккуларына ээ болгон. Паскаль үчүн онунчу раунд эң жакшы болуп, ал бир катар ийгиликтүү чабуулдарды жасай алган, бирок ал көп күч жумшап, кийинки эки раундду орусиялыкка берген. Жыйынтыгында беттеш 117:111, 119:109 (эки жолу)[5] эсебинде бир добуштан чечим менен Биволдун жеңиши менен аяктаган.
2019-жылдын 9-мартында, Бернард Хопкинс менен Анджей Фонфараны мөөнөтүнөн мурда жеңиштери менен белгилүү америкалык мушкер Жо Смит менен жолугушкан. Беттеш биринчи раунддан эле орусиялыктын үстөмдүгү менен өткөн, аны эч кандай кыйынчылыксыз эле жеңип алган. Бивол кийинки раундда чыңалган атаандашынын чабуулдарын жокко чыгарып, акыркы үч мүнөттүн аягында жеңишке эрте жетүүгө аз калган. Беттештин жыйынтыгы 118-110, 119-109 (эки жолу) [6] эсебинде бир добуштан Биволдун жеңиши болду. Сокку статистикасы орусиялыктын басымдуу артыкчылыгын көрсөткөн, Смиттин 39 соккусуна каршы 208 так сокку урган[7].
2002 -жылы Дмитрий Бивол жогорку спорттук жетишкендиктери үчүн "Сарайдын жылдыздары" ардактуу сыйлыгы менен сыйланган [3] . 2013-жылы Дмитрий Бивол "спорт тармагында" номинациясында Санкт-Петербургдун жаштар сыйлыгы менен сыйланган .
<ref>
tag; no text was provided for refs named sport.mail.ru
<ref>
tag; no text was provided for refs named rsport.ru