Чабалекейлер жана амазонкалар | |
---|---|
Жазуучу | Артур Рэнсом |
Нукура аталышы | Swallows and Amazons |
Өлкөсү | Улуу Британия |
Тили | англис |
Басмакана | Jonathan Cape |
Чыккан жылы | 21-июль 1930 |
Чабалекейлер жана амазонкалар (англ. Swallows and Amazons) ― Артур Рэнсомдун "Чабалекейлер жана амазонкалар" серияларынын биринчи китеби, ал 1930-жылы басылып чыккан[1], романдагы окуя 1929-жылдын жазында, Көл району (Lake district) аттуу жерде орун алган. Китептин башкы каармандары: Жон, Сузан, Титти жана Рожер Уолкер (чабалекейлер), алардын апасы менен карындашы, Ненси, Пегги Блэкет (амазонлар) жана капитан Флинт деп таанылган Жим аттуу байкеси.
Алтауняндар менен бирге жазды өткөрүп, алардын балдарын сууда сүзүүнү үйрөткөнү аны китеп жаратууга шыктандырган. Алтауняндардын үч баласынын аттары романдагы Уолкер үй-бүлөнүн балдарынын аттарына колдонулат. Рэнсом менен Эрнест Алтаунян "Чабалекей" жана "Мэйвис" (чыйырчык сыяктуу куш) аттуу эки кичинекей кайык сатып алган. Рэнсом "Чабалекей" кайыкты бир канча жылдан кийин саткан, "Мэйвис" Алтауняндарда калып, учурда Ruskin музейинде турат. Бирок кийинчирээк жазуучу Алтауняндар менен болгон байланышын көмүскөдө калтырып, башка булактарга таянган жаңы кириш сөз жазган.
2003-жылы, роман Би-би-синин сурамжылоосунун The Big Read тизмесинде 57-орунду ээлейт[2].