Conad | |
Spacio Conad (1).jpg | |
Түрү |
Супермаркет |
---|---|
Негизделген жылы |
Болонья, Италия (13 Май, 1964-жыл) |
Conad (итал.Consorzio Nazionale Dettaglianti, англ. National Retailers Consortium) ― 1962-жылы түзүлгөн, Италиядагы эң чоң супермаркет түйүндөрүнүн бирин башкарган дүкөн бренди. [1] [2]
Conad – ири масштабдуу бөлүштүрүү менен алектенген ишкерлердин кооперативдик системасы. Ал үч деңгээлде түзүлөт: ишкерлердин мүчөлөрү (чекене соода түйүндөрүнүн ээлери), кооперативдер (ири соода жана бөлүштүрүү борборлору) жана улуттук консорциум (мүчө компаниялар үчүн тейлөө жана базарга багытталган орган). [3]
Conad чекене дүкөндөрү менен Италиянын бардык 20 аймагында көрсөтүлгөн. Азык-түлүк дүкөндөрүнөн тышкары, 177 " Parafarmacia Conad " (дарыканалар), 115 " PetStore Conad " (жаныбарлар дүкөндөрү), 48 " Conad Self 24h " (май куюучу дүкөндөр) жана 19 " Ottico Conad " (оптикалар) иштейт. [4]
Формат | Дүкөндөр | Ассортимент (заттар) | Дүкөндүн орточо өлчөмү | Сыпаттама |
---|---|---|---|---|
Spazio Conad | 77 | 16.000ден 19.000ге чейин | 4,954 м² | Гипермаркеттер |
Conad Superstore | 234 | 10500ден 12000ге чейин | 1,801 м² | Чоң супермаркеттер |
Conad | 1,171 | 7000ден 8500го чейин | 838 м² | Орто чоңдуктагы супермаркеттер |
Сonad City | 1,038 | 4500дөн 5500гө чейин | 344 м² | Базарлар |
Sapori & Dintorni Conad | 21 | 3000ден 4000ге чейин | 464 м² | Атайын дүкөндөр |
Margherita Conad | 384 | 1500гө жакын | 144 м² | Чакан базарлар |
Todis | 252 | 5000ден 7000ге чейин | 622 м² | Арзандатуу дүкөндөр |
Башкалар | 128 |