Шаар
Аркадаг
|
Аркадаг (түркм. Arkadag) — 2019-жылы негизделген Түркмөнстандагы мамлекеттик маанидеги шаар.
Түркмөнстандын өзүнчө административдик-аймактык бирдиги же велаяттык (облустук) укуктары бар шаар болуп саналат.
Курулуш иштери азыркы учурда экинчи этабында, шаар долбоор боюнча 64 086 адамга ылайыкташкан жана шаарды куруу иштери 5 млрд АКШ долларына бааланган[1].
Жаңы шаардын «Аркадаг» деп аталышы Түркмөнстандын экинчи президенти Гурбангулы Бердымухамедовго (2007-2022) карата колдонулунган «Аркадаг» (коргоочу) наамы менен байланышкан[2]. «Аркадаг» термини расмий түрдө Түркмөнстандын жарандары, расмий кызматтары, бардык мамлекеттик маалымат каражаттары тарабынан Түркмөнстандын экинчи президентине карата гана колдонулат[3][4].
2018-жылдын күзүндө Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ахал велаятынын жаңы административдик борборун куруу долбоорлору боюнча сунуштарды карап чыккан жана 2019-жылдын 4-мартында Ахал велаятынын жаңы административдик борборун куруу тууралуу токтомго кол койгон[5].
Шаарды куруу иштери расмий түрдө 2019-жылдын 10-апрелинде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун катышуусунда башталган[6].
2022-жылдын аягында жаңы шаардын курулушунун биринчи этабынын көп бөлүгү аяктаган.
2022-жылдын 20-декабрында Түркмөнстандын Милли Генгеш Межлиси «Ахал велаятынын жаңы административдик борборун шаар категориясына киргизүү жана ага аталыш ыйгаруу жөнүндө» токтомун кабыл алган, ушул эле документтин негизинде Ахал велаятынын административдик борбору Аркадаг шаарына көчүрүлгөн[7].
2023-жылы 18-мартта Аркадаг шаарынын аймагында Крязек жана Горжав аталышындагы эки административдик этрап (район) түзүлгөн[8].
2023-жылы 23-мартта Аркадаг шаары Ахал велаятынын курамынан чыгарылып, шаарга Түркмөнстандын тарыхында биринчи болуп «мамлекеттик маанидеги шаар» макамы ыйгарылган[7].
2023-жылы 29-июнда Аркадаг шаарынын расмий ачылыш аземи болгон[9].
Шаар Ахал велаятынын Гектеп этрабынын Горджав (мурдагы Коржоу) айылына тиешелүү айыл-чарба жерлеринде курулган. Жаңы шаардын аймагы Горжа айылы менен Аба Аннаев (мурда Чули) айылдарынын ортосундагы жерлерди толугу менен ээлеген. 2022-жылы 20-декабрда Аба Аннаев айылы Аркадаг шаарынынын курамына киргизилип, административдик бирдик катары жоюлган.
Шаарды куруунун биринчи этабында шаардын аянты 1002 га деп белгиленген, бирок Ахал велаятынын Гектеп этрабынын курамына чыгарылган аймактарды кошкондо, шаардын жалпы аянты 2370 га барабар.
2023-жылы 18-мартта Аркадаг шаарынын аймагында Крязек жана Горжав аталышындагы эки административдик район (этрап) түзүлгөн[8].
Шаардын биринчи этабы 1002 га аянтта курулуп, куруу иштери 336 объекттерди камтыган[10]: