Афелинус (лат. Aphelinus mali) - хальцид (Chalcidae) тукумуна кирүүчү жаргак канаттуу мите. Денесинин уз. 1,2 мм.
Ал Түндүк Америкада көп. Афелинус алма дарагынын коркунучтуу зыянкечи - көк битке өч, ошон үчүн ага каршы колдонулат. СССРге 1926-30ж. алынып келинип, лабораториялык жол менен көбөйтүлгөн. Биринчи жолу Кавказда жана Украинада зыянкеч басып кеткен алма бактарына коё берилген. А. бул жерде алма көк битин жок кылуу үчүн өстүрүлүп жатат.