Ахмед Рашид (урду тилинде: احمد رشید; туулган жылы: 1948-жыл; туулган жери: Равалпинди) – мурдагы пакистандык коомдук кыймыл мүчөсү; журналист, Ооганстан, Борбордук Азия жана талиптер жөнүндөгү китептердин автору.
Ахмед Рашид оболу Малверн коллежин, андан соң Лахордогу мамлекеттик коллежди, анан Британиянын Кембриж шаарында Фитцвильям коллежин аяктаган.
Анан Пакистандын батышында Белужистан тоолуу аймагында жашап, мында Аййуб Хандын жана Йахйа Хандын аскердик режимине каршы куралдуу көтөрүлүш уюштурууга далаалат жасаган.
Көтөрүлүш майнапсыз аяктаган соң, өз өлкөсү тууралуу чыгармалар жаза баштаган.
20 жылдан ашуун убакыт бою ал “Дейли Телеграф” жана “Ыраакы Чыгыш экономикалык сереби” (Far Eastern Economic Review) басылмаларында кабарчы болуп иштеген.
Учурда “Уолл Стрит Жорнэл” (The Wall Street Journal) ж.б. басылмалары үчүн макалалар жазып келет.
Ахмед Рашид Ооганстандагы, Пакистандагы жана Борбордук Азиядагы турмушту жана талиптер кыймылынын оош-кыйыш жактарын ар тараптуу чагылдырганга умтулган журналист жана жазуучу катары маалым.
Ал АКШ президенти Буштун Ирактагы саясатын кескин сынга алган.
Ооганстандагы аялдардын укугун коргогон кыймылдарга тилектеш.
Ал 2009-2010-жылдары Foreign policy журналы тарабынан дүйнөдөгү 100 ойчулдун тизмесине кирген.
2014-жылдын 28-мартында Ахмед Рашид Кыргызстанга “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун чакыруусу менен келди.
Аталган фонддон кабарлашкандай, жазуучу Discover Asia долбоорунун алкагында 29-марттан тарта Бишкекте Борбор Азия, Ооганстан аймагындагы коопсуздук маселелери боюнча дарс окуп, жолугушууларды өткөрдү.
Discover Asia - Азиядагы мыкты өнүгүп келаткан өлкөлөрдун тажрыйбасы менен Кыргызстанды тааныштыруу максатын көздөгөн демилге. Анын алкагында буга чейин Бангладеш, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Индия жана Жапонияга арналган жолугушуулар уюштурулган.
Анын үй-бүлөсү бар.
Жубайы жана эки баласы менен Пенжаб аймагындагы Лахор шаарында жашайт.
Ахмед Рашид 2000-жылы жарыялаган “Талиптер: Согушчан ислам, мунайзат жана Борбордук Азиядагы фундаментализм” деген китеби 22 тилге которулган бестселлер болгон. Ал жалпысынан 1,5 миллион нускада жарык көргөн.