Батир-студия — эреже катары чоң эмес ички тосмолорусуз батир, анда ашкана, мейманкана жана уктоо бөлмөсү биригип бир бөлмөдө жайгашат. 20-кылымдын башында студиялар жашай турган кичине бөлмө болуп, минимум эмерек жана кээ бирде кабатта жалпы санитардык түйүн катары эсептелинчи.[1]
Бүгүн батир-студиялар кыймылсыз мүлктүн ар кандай сегменттеринде тартууланат. Эконом класста ал чоң эмес метраждагы батирлер. Ошондой эле элиталык үйлөрдө чоң аянттагы батир-студиялар да бар.
АКШда студиянын орто көлөмү 46–56 м² түзөт.[2]
Аргентинада бир бөлмөлүү батир monoambiente (испанча mono – бул бир, а ambiente - бөлмө) деп аталат.
Германияда бир бөлмөлүү батирди адатта Garçonnière (французчадан garçon, бала, жаш жигит же бойдок дегенди билдирет) же Einzimmerwohnung («Ein» бир, «Zimmer» - бөлмө, ал эми «Wohnung» - батирди билдирет) деп аташат.[3]
Гонконгдо студия – бул 10 квадраттык метр аянты менен ванна жана ашканасы бар мини батир. Жашоо аянтынын минималдуу жеткиликтүү көлөмү автотуруктун көлөмүндөй болот.[4][5]
Канадада студияны bachelor (бойдоктор батири) дешет.
Португалияда батир-студияларда T0 (T-Zero) мааниси бар, 0 саны көз карандысыз уктоо бөлмөсү жок дегенди түшүндүрөт.[6]
Швецияда батир-студияны etta, «бирдик» деп аташат. Алардын аянты кадыресе 20дан 40 м² чейин болот.[7]
Японияда 10 м² аянты менен батир-студиялар wan rūmu manshon (бир бөлмөлүү өзгөчө үй) деп аталат.[8]