Биологиялык мониторинг - белгилүү физика-географиялык аймактагы тирүү организмдердин сандык, сапаттык абалына, өнүгүүсүнө, өзгөрүүсүнө байкоо жүргүзүү. Алынган маалыматтар өсүмдүктөрдү, жаныбарларды коргоо пландарын иштеп чыгууда пайдаланылат.
“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4