Би́са (бусансе) — Батыш Африкадагы эл.
Жалпы саны — 807 миң адам. Көпчүлүк (500 миңге жакын)
Буркина-Фасодо жашайт. Калгандар Гана, Нигерия, Бенин, Того өлкөлөрүндө жашайт.
Тил
Биса тили Нигер-конго макроүй-бүлөсүнүн курамындагы манде уясына кирет.
Дин
Калктын көпчүлүгү сүннөттүк Исламдын маликит мазхабын тутушат.
Чарбалык иштер
Негизги кесиптери — кол менен иштетилген жер чарбасы (жүгөрү, таруу, күрүч, жер жаңгак, карите жаңгактары, буурчак өсүмдүктөр) жана малчылык (ири мүйүздүү мал). Кээ бирлер малын фульбе чабандарына бактырышат.
Кол өнөрчүлүк
Турак жай
Үйлөр тик бурчтуу, ортодо тегерек короо түзүү максатында бири-бирине мүмкүн болушунча жакын курулган.
Кийим
Эркектердин улуттук кийими көйнөк жана шым болсо, аялдар узун чоң юбка кийишет.
Тамак-аш
Салттуу тамак-аш — татымал кошулган күрүч, таруу боткосу, буурчак токочору жана таруу сырасы.
Коом
Үй-бүлөлөр патриархалдык, көбүнчө бүтүндөй кландарды (ду) түзөт. Тойдон кийин аял күйөөсүнүн үй-бүлөсүнүн үйүнө көчүп келет.
Тарых
Оозеки уламыштар боюнча биса ата-бабалары Енди (азыркы Гана) аймагынан көчүп келишкен. Андан кийин бисанын бир бөлүгү бөлүнүп, батышка кетип, алар сан (сане) субэтникалык тобун түзүшкөн.
Выдрин В. Ф. Биса // Народы и религии мира / Глав. ред. В. А. Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999.