Юрий Энохович Брегель (англисче: Yuri Bregel; 13.11.1925, Москва, РСФСР, СССР — 7.8.2016, Белмонт, Массачусетс, АКШ), советтик жана америкалык тарыхчы, чыгыш таануучу, иранист, түрколог, тарых илимдеринин кандидаты (1961).
Ю.Брегель 1925-жылы 13-ноябрда СССРдин борбору Москва шаарында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1944–45-жж.).
Ю.Брегель МГУнун студенти кезинде, 1949––1954-жж. жалган жалаа менен камакка алынып, репрессияланган. Ал Орусиянын Пермь облусундагы “КизелЛаг” деп аталган сталиндик лагерде кармалган.
1954-жылы толук акталып, бошотулган.
1956-ж. МГУнун тарых факультетин аяктаган.
1957—1962-жж. ал Москвадагы “Чыгыш адабияты басмасында” котормочу, бир бөлүмдө редакция башчысы болуп иштеген.
1956–57-жж. жана 1962–1973-жж. ал СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунда Чыгыштын кол жазмаларын сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеген.
1973-ж. “штаттык кызмат орду кыскартылгандыгына” байланыштуу иштен бошотулган соң, ал Израилге бозгунга (эмиграция) кеткен. [1]
Андан ары ал АКШга көчкөн.
Ю.Брегель 1979-ж. тартып АКШнын Блүмингтон университетинде (Индиана штаты) профессор болуп эмгектенген.
2016-жылы 7-августта ал Белмонт шаарында (АКШнын Массачусетс штаты) дүйнөдөн кайткан.
Ю.Брегель түркмөндөрдүн (Хорезм түркмөндөрү) этностук тарыхы, этногенез маселелери, социалдык курамы, абалы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Каракалпактардын тарыхынын фарсы тилдүү булактарда чагылдырылышы тууралуу изилдөөлөр жазган.
Ал фарсы тилиндеги жазма булактарды изилдеген ири илимпоз болгон. СССРде академик В.В.Бартольддун чыгармалар жыйнагын чыгарууга зор салым кошкон.
Ю.Брегель бир катар көрүнүктүү советтик жана америкалык чыгыш таануучуларга устаттык көиөк көрсөткөн.
Милибанд С.Д. Востоковеды России, XX — начало XXI века = Russian orientalists of the 20th and Early 21st Centuries: биобиблиографический словарь: в 2 кн. / С. Д. Милибанд. — М.: Восточная литература, 2008. –– ISBN 978-5-02-036364-9. –– Кн. 1: А — М. — 2008. — 968, [1] с. –– ISBN 978-5-02-036364-9. – С. 193.
Петросян Ю. А. О. К. Дрейер и российское классическое востоковедение // ПВ. – 1998. – Вып. 9. – С. 549.