Венди Денг | |
Wendi Deng | |
Туулган датасы: |
5 -декабрь 1968 (55 жаш) |
---|---|
Туулган жери: |
Сюйчжоу, Кытай |
Күйөөсү: | |
Балдары: |
Grace (2001), |
Венди Денг (англ. Wendi Deng) — америкалык ишкер, Руперт Мөрдоктун үчүнчү аялы.
1968-жылы 5-декабрда Сюйчжоу шаарчасында төрөлгөн. Орто мектепте жакшы окуган жана волейболду сонун ойногон. 1985-жылы медицина коллежине кирген. Бирок 1987-жылы Жейк Черри (англ. Jake Cherry) менен таанышкан. Венди Денг Кытайдан кеткен жана Америка Кошмо Штаттарына барган. Жейктин үй-бүлөсүндө турган жана Калифорния мамлекеттик университетинде окуган. 1996-жылы MBA даражасын алган. Анан Star TV станциясынын кызматчысы болуп иштеген. Учурда Нью-Йоркто турат.
Венди Денгдин биринчи күйөөсү — Жейк Черри болгон. 1997-жылы Star TV станциясында Венди Руперт Мөрдокко жолуккан. Руперттин аялы Анна Мария Торв (англ. Anna Maria Torv) болгон. Аны таштап, Руперт Вендиге үйлөнгөн. Эки кызы бар: Грейс (2001) жана Хлоя (2003).
Венди Денг муштай алат[1].
Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |