Вотчина - жерди (курулуш, унаа-шайманы менен кошо) жана көз каранды дыйкандарды феод, менчиктөөнүн, о. эле ал менчиктөөгө байланыштуу укуктардын комплекси.
Вотчина европанын ар кайсы элде ар кандай (сеньория, манор, поместье ж. б.) аталган. Россияда 11—18-кылымда өкүм сүргөн феод, жер менчигинин бир түрү да Вотчина деп аталган. Бул термин орусча «отчина» (ата мурас) дегенден келип чыккан. Ээси Вотчинасын сата да, мураска калтыра да алган. Ири Вотчиналар 15-кылымдын аягына чейин феод, ээлөөнүн кеңири таралган формасы болгон. Борбордошкон орус мамлекети күчөп турганда поместьелик жер ээлөө өпүгүп, княздык Ж-а боярдык Вотчиналар опричнинанын кысымынан кедери кеткен. 16—17-кылымда В. м-н поместье (чектелген жана шарттуу жер ээлоо) жакындашып, ал экөө Петр 1нин жеке мурас жөнүндөгү указы боюнча (1714) бириктирилген.