Жумабек Ибраимов | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Ибраимов, Жумабек |
Туулган жылы: | 1-январь 1944-жыл |
Туулган жери: | Жаңы-Алыш айылы, Кемин району, Кыргызстан |
Өлкө: | |
Ишмердүүлүгү: | белгилүү коомдук-мамлекеттик ишмер |
Жумабек Ибраимов Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылында 1944-жылы 1-январда туулган. ФПИни бүтүргөн. Ибраимов - коомдук-мамлекеттик ишмер.
1998-ж. Кыргыз Республикасынын премьер-министри. 1972-ж.1971–75-ж.ж. ошол эле институтта аспирант, окутуучу. 1977–85-ж.ж. Миңкуш «Оргтехника» заводунун инженер-конструктору, башкы конструктор,башкы инженер, директору. 1985–88-ж.ж. Балыкчы шаардык элдик көзөмөлдөө комитетинин төрагасы, Кыргызстан КП Балыкчы шаардык комитетинин 1-катчысы. Кыргызстан КП БКнын партиялык уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1991–92-ж.ж. уюштуруу комитетинин төрагасы, коопсуздук жана коргонуукомитетинин төрагасынын орун басары, 1992–93-ж.ж. «Жанар» акционердик коомунун башкы директору, 1993–95-ж.ж Бишкек шаардык мамлекеттик администратор башчысы. 1995–96-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты. 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген рационализатору.