Исанов Насирдин Исанович | |||
| |||
---|---|---|---|
21-январь — 29-ноябрь 1991 | |||
Президент: | Аскар Акаев | ||
Андан мурунку: | Апас Жумагулов | ||
Андан кийинки: | Андрей Иордан (м.а.) | ||
Туулган жылы: | 7 -ноябрь 1943 | ||
Туулган жери: | Көк-Бел айылы, Ноокат району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР | ||
Каза болгон жылы: | 29 -ноябрь 1991 (48 жаш) | ||
Каза болгон жери: | Бишкек, Кыргызстан | ||
Билими: | Москва инженердик-курулуш институту | ||
Илимий даражасы: | кандидат наукКалып:Категория только в статьях | ||
Сыйлыктары: |
|
Исанов Насирдин Исанович (7-ноябрь 1943-жыл, Көк-Бел айылы, Кыргыз ССР, СССР — 29-ноябрь 1992-жыл, Бишкек, Кыргызстан) — коомдук-мамлекеттик ишмер, экономика илимдеринин талапкери, Кыргыз Республикасынын премьер-министри (1991–1992), СССР инженердик академиясынын академиги (1991).
Москва курулуш трестинде жумушчу (1960–61). 1965-ж. Москва инженердик-курулуш институтун бүтүргөн.
1965–70-ж.ж. «Ошшааркурулуш» трестинин 3-курулуш монтаж башкармалыгынын прорабы, участоктун начальниги, башкы инженери.
1970–74-ж. Кыргызстан КП Ош обкомунун курулуш бөлүмүнүн инструктору, «Нарынсууэнергиякурулуш» башкармасынын парткомунун катчысы.
1974–83-ж. Кыргызстан ЛКЖСМ Ош обкомунун 1-катчысы, курулуш жана шаардык чарба бөлүмүнүн башчысы.
1983–86-ж.ж. Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз ССРинин министри (1986–88).
1988–90-ж. Ысык-Көл облустук Советинин аткомунун төрагасы.
Кыргыз Республикасынын вице-президенти (1991).
Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.