Исламдагы кийим — ислам мамлекеттериндеги, мечиттерде же коомдук жайларда кийүүлүчү, мусулмандардын кийимдери. Ислам мусулмандардан уруксат берилген жана чектен чыкпаган ачык-айкы эмес кийимдерди кийүүнү талап кылат.
Шарияттын (аврат) , эркектердин жана аялдардын кийимдерине койгон негизги талабы – дене мүчөлөрүн жабуу болуп эсетелет. Шарияттын талабы боюнча эркектер денесинин киндиктен тизеге чейинки бөлүгүн, аялдар жүзү жана колунан башка бүткүл денеси жабуусу каралган. Шарият никеде (махрам) турган адамдарга бири-бирине денелеринин бардык мүчөлөрүн көрсөткөнгө уруксат берет[1].
Аялдардын да, эркектердин да кийимдери салттуу кийинүү стилине туура келиши керек. Бул кийимге гана эмес, жүрүм-турум стилине да (сүйлөө манерасы, басуусу жана кыймылы) тиешелүү. Эркектерге аялдардын кийимин кийүү жана аялдарга эркектердин кийимин кийүү болбойт. Ислам аялдардын кийимдери христиан жана жөөттөрдүн салттарынын моралдык жана этикалык талаптарына каршы келбейт[1]. Кыргыз элинин салттуу кийимдери да шарияттын талабына толугу менен жооп берет.
Кийимдердин булганган жерлери болбошу керек, өзгөчө намаз окуган учурда[2].
Тыюу салынган кийимдердин түрлөрүнө кийинкилер кирет[2]:
Исламда кийим кийүү жана сактоо боюнча шарттар бар. Мусулман кийими таза, кооз болушу керек (өзгөчө жума же майрам намаздарында). Кийимдерди кийүүдөн мурун аларды жакшылап жууп же чайкап, төмөнкү дубаны окуу керк: «Мага авратымды жаап жана адамдардын арасында сулуулугумду белгилеген кийимдерди кийгизген Аллахга мактоолор болсун». Кийимдерин чечип жатканда келме айтуу сунушталат. Чечилген кийимдер тыкан бүктөлүп коюлушу керек[4].
Ажылыка барууда эркек мусулмандардан «изар» деп аталган кийимдерин кийүүсү талап кылынат. Изар белден тизеге чейинки дененин бөлүгүн жаап турат. Аны эки учун бири-бирине байлап же бир нерсе менен курчап койсо болот. Дененин үстүнкү бөлүгү рида деп аталган кезменин бөлүгү менен жабылат. Үч сүннөт мазхабы боюнча (ханафи мазхабынан бөлөк) риданын учтарын бири-бири менен байлоого, төөнөгүчтөр жана топчулар менен бекитүүгө, ага тешик жасап боо өткөргөнгө болйбойт .
Изар жана рида тигилген, токуулган, чапталган же кийизден жасалган болбошу керек. Меккеге зыяратка баруучу аялдар шарият уруксат берген бардык аялдардын кийиминин түрлөрүн кийсе болот. Эркектерге да, аялдарга да кийүүгө тыюу салынган кийим бул - кол кап .
Эркектердин кийимдерин кыскартуу ислам этикасынын бир бөлүгү - Мухаммед пайгамбардын сүннөттөрүн сактоону жана Аллахга моюн сунууну билдирет[3]. Мухаммед пайгамбардын доорунда узун кийим кийүү текебердиктин жана бөлөк адамдарды теңсинбөө катары эсептелген[5].
Мусулман аялдардын же мусулмандын жубайларынын кийимдери (мусулман аялдардан тышкары, христиандар жана еврейлер аял ала алышат) шарият талаптарындай жана көйнөктөрү узун, жабык, өтө жука болбошу керек. Ачык түстөгү кийимдерден оолак болуп, өтө ичке жана дене келбеттин баса белгилеген кийимдерден оолак болуу шариятка ылайык .
Аялдардын кийими сөзсүз түрдө беттен жана колдон бөлөк, дененин бардык бөлүктөрүн жашырып турушу абзел. Куран аялдардан жилбаб кийүүсүн, моюнун жана көкүрөгүн чоочун эркектерден жашырууну талап кылат, бирок жүзүн жашырууга милдеттендирбейт[6].