Каракол эл аралык аба майданы | |||||||
Маалымат | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|
Түрү |
Жарандык | ||||||
Өлкө | |||||||
Жайгашкан жери | |||||||
Ачылган убакыты | |||||||
Ээси |
“Манас” эл аралык аэропорту | ||||||
Деңиз деңгээлинен бийиктиги |
1704 м | ||||||
Убакыт аралыгы |
UTC+6 | ||||||
Иш тартиби |
күндүз | ||||||
Ырасмый сайты | |||||||
Карта | |||||||
![]() ![]() ' Каракол шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 2.5 км. алыстыкта жайгашкан
| |||||||
Учуп-конуу тилкелери | |||||||
| |||||||
Тик учак аянтчалары | |||||||
| |||||||
Статистикасы |
Каракол эл аралык аба майданы — Кыргызстандагы биринчи аба майдандын бири болуп, Ысык-Көл облусунун административдик борбору болуп саналган Каракол шаарынын түндүк-чыгыш тарабынан 2,5 км. алыстыкта жайгашкан[1].
Каракол эл аралык аба майданы 1930-40-жылдардын ортосунда СССРдин транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү планынын алкагында курулган[2]. Ысык-Көлдүн Бишкек жана Ош шаарларынын алыс жайгашкандыгына байланыштуу, аэропорт өлкөнүн борбордук жана түштүк аймактары менен байланыш түзүү үчүн курулган жана колдонулуп келген.
Алгач аба майданда кичинекей терминал имараты, асфальтсыз топурак учуп-конуу тилкеси жана техникалык объекттер курулган. У-2 (жүгөрү) же Поликарпов-2 (По-2) тибиндеги жеңил моторлуу учактарды кабыл алып жана учуруп турган. 1950-жылдары аба майдан биринчи ирет чоң реконструкциядан өткөн. Учуп-конуу тилкеси алгачкы жолу асфальтталган жана навигациялык системалар жакшыртылган. Оңдоп-түзөө жумуштарынын кийин аба майдан Ан-2 жана Ли-2 сыяктуу чоңураак учактарды тейлөөгө мүмкүнчүлүк алган[3].
Советтик мезгилде аэропорт аймактын транспорттук системасында маанилүү роль ойногон. Ада майдан аркылуу жүргүнчү жана жүк ташуулардын көлөмү жогорулап, анын негизинде Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабы анын ичинде Каракол шаарынын экономикасы өнүгө баштаган.
СССРдин урап кетүүсү менен аэропорт бир топ кыйынчылыктарга туш болгон. Аба жүргүнчүлөр кескин азайып, инфраструктура начарлап учактарды тейлөө кымбаттап, ошол эле учурда авиа тармак унаа транспорту менен атаандаштыкка туш келген. Каракол аба майданы 1990-жылдардын башында жүргүнчү агымынын азайышы жана инфраструктуранын начарлашынан улам жабылган.
Кыргызстан эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары аба майдан аймактык аэробекет болуп, негизинен жергиликтүү калкты ташыган туристтик багыттарга кызмат көрсөтүп келген. Каракол эл аралык аба майданы “Манас” эл аралык аба майдан” ачык акционердик коомунун курамына кирген 5 эл аралык аэропорттордун бири болуп саналат. Эл аралык макамы аба майданга 2011-жылдын 25-ноябрында ыйгарылган. Аба майдан Ыссык-Көл облусундагы туризмди өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт, дүйнөнүн ар кайсы жерлеринен келген туристерди тосуп алып турат. Аэропорттун жылдык жүргүнчү агымы болжол менен 50,000 кишини түзөт[4].
Акыркы жылдары аэропорттун модернизациясы боюнча иштер алгылыктуу жүрүп учуп-конуу тиленсинин узундугу жана туурасы кеңейтилип жаңы асфальт төшөлгөн, жаңы терминал курулуп, навигациялык жабдыктар жаңыланууда. Бул иш-чаралар жүргүнчүлөрдүн тейлөөсүнүн деңгээлин жогорулатуу жана аларды өткөрүү жөндөмүн көбөйтүү максатын көздөйт.
2024-жылдын июль айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Караколдо жаңы аэровокзалдын капсуласын коюу иш-чарасын өткөргөн. Бул окуя аэропорттун инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды[5].
2024-жылдын декабрь айында Караколдогу эл аралык аба майдан расмий түрдө президент Садыр Жапаров тарабынан ачылган. Ачылуу салтанатында ал объекттин аймакты өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгилеп, жаңы терминал бардык заманбап стандарттарга жооп берээрин айткан[6].
Аба майдандын учуу жана конуу тилкеси 2000 метр узундукта жана туурасы 35 метрга кеңейтилген, заманбап технологиядагы асфальт менен төшөлгөндүктөн орто оорлуктагы учактарды кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Аба майдандын ачылганынан тарта Бишкек-Каракол бир тараптуу багытындагы билеттердин баасы 3200 сомду түзөт. Ал эми 2025-жылдын 9-январынан тарта аба майдан Ош-Каракол багытындагы жүргүнчүлөрдү кабыл ала баштайт. "Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы бул рейс боюнча дайыма учууларды жүргүзүп келет[7].
Ыссык-Көлдүн туристтик багытынын өсүп жаткан кызыгуусун эске алуу менен, Каракол эл аралык аба майданы дагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Аба каттамдарды кеңейтүү жана эл аралык авиакомпанияларды тартуу пландаштырылууда. Аба майдан Кыргызстандагы маанилүү транспорттук объект болуп саналат, ал аймактын экономикалык жана туристтик өнүгүүсүнө салым кошууда. Анын модернизациясы жана эл аралык авиация тармагына киргизилиши, аймак жана бүт өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат[8].
![]() | |
---|---|
Эл аралык | • Баткен • Каракол • Манас • Ош • Тамчы |
Жергиликтүү | • Жалал-Абад • Казарман • Канышкыя • Кербен • Кызылкыя • Нарын • Талас • Тамга • Токмок • Токтогул • Чолпоната • Ыспана |
Аскер | • Кант • Манас |