Май караган (Calophaca) — өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу.
Татаал жалбырактуу бадалча. Гүлү сары, ири, чачыдай топ гүлгө чогулган. Мөмөсү — чанак, 1—2 уруктуу.Май карагандын 10 түрү Кытай жана Россиянын Түш.-Чыгыш Европа бөлүгүндө, Түн. Кавказ, Орто Азияда таралган.
Кыргызстанда ьир түрү кездешет. Май караган дын кээ бир түрүн мал жейт, айрымдарынан аркан эшилет.