Мелентьев Александр Реммович

Мелентьев Александр Реммович (26. 6. 1954-жылы туулган, Пенза шаары) – спортчу, пистолеттен ок атуу боюнча дүйнөнүн рекордсмени. Эл аралык класстагы спорт чебери (1978), СССР спортунун чебери (1971), СССР спортуна эмгек сиңирген. чебер (1980). КМДТИни бүтүргөн (1984). Ок атуу спорту боюнча 1969-жылдан машыккан. 1975-жылдан СССРдин курама командасынын мүчөсү, 22-олимпиялык оюндардын чемпиону (1980, Москва), СССРдин, Европанын жана дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, СССР элдеринин спартакиадасынын жеңүүчүсү. Чоңдор арасында ок менен таамай атуу боюнча Европанын чемпионатында күмүш (1980), алтын (1981) медалдарды алган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]