Минакари Ирандын көгүлтүр эмалдан буюм идиштерин жасоо боюнча салттык маданияты XVIII -кылымдагы Кажар династиясынын мезгилинде абдан белгилүү болгон. Минакари бул – темирди жана керамиканы эмаль менен кооздоо боюнча уникалдуу техника. Ал эми кээ бир эмалданган жасалгалар Ирандын музейлеринде сакталып калышы, ирандыктар минакари өнөрчүлүгү менен байыркы Ахеменид (б.з.ч. 558 – 330 жж.) жана Сасанид (224 – 651 жж.) доорлорунда эле кызыгып, анын техникаларын абдан мыкты өздөштүрүп келишкенин тастыктайт. Ал эмалданган идиштер абдан назик болгондуктан биздин күнгө чейин бирин экин эле жасалгалар сакталып калган. Ислам цивилизациясы аралыгында жана Сельжук династиясынын (1037-1194), Сефевид (1501-1722/1736 жж.) жана Занд (1750-1794 жж.) доорлорунда белгилүү эмалдуу табактар жана идиштер жасалгандыгы жөнүндө күбөлөр бар. Ал эми алардын арасынан Ирандагы минакари өнөрчүлүгү гүлдөп турган учур 1810-1890 жж. Кажарлар (1794-1925 жж.) башкарып турган доорго туш келет. Ошол доордон бери көптөгөн көк, жашыл түстө кооздолуп жасалган сөйкө, билерик, кумара, алтын табактар сакталып калган. Биздин тапта минакари өнөрчүлүгү өркүндөп, бул тармакта ирандын көптөгөн өнөрпоздору эмгектенип келишет.
Бүгүнкү күндө минакари ошол эле байыркы заманда колдонулган материалдардын жардамы менен жана да байыркы доорлордогу ыкма мененжасалат, ал эми минакари жасоо борбору Исфахан шаары болуп эсептелинет. Эмалдар атайы алтын, күмүш өзгөчө жезден (жез башкаларга караганда арзаныраак жана иштеп чыгаруу үчүн оңой келет) жасалган нерселерге капталат. Керман шаарынан чыккан жезден атайы идиш буюмдар жасалып, ага кол менен оюулар түшүрүлүп, андан соң анын үстүнө үч кат эмаль капталып, ар бир эмаль капталганда температурасы 8000Сотко какталат. Үч кат эмалданган идиш даяр болгон соң анын үстүнө көгүш түстөрдөгү сүрөт, оюулар түшүлүлүп, кайрадан 7000С отко какталып бышырылат.
Минакари даярдоо ыкмасы жетишээрлик татаал жана бир нече адистердин жардамы менен аткарылып, бир нече этапка бөлүнөт.
Байыркы заманда минакариге сүрөт же оюу тушүрүүдө табигый тазаа минералдык боёкторду гана колдонушкан, ал эми азыркы тапта турдүү химиялык каражаттардын жардамы менен жасалган боёктор да кеңири колдонулуп келет. Салтка айланган “эслими” аттуу көгүш жана жашыл түстөр миң жылдардан бери колдонулуп келсе, заманбап технологиялардын химиялык жолдор менен алынган күрөң, сары, кызыл сыяктуу түркүн түстөгү боёктор менен да сүрөт тартылып, оюулар тушүрүлөт. Түрдүү оюулар, гүлдөр, чымчыктар, кээ бирде перс миниатюралары ал минакаридеги сүрөттөрдүн негизги кооздугу болуп саналып, көргөндү суктандырбай койбойт. =Бышыруу+ Оюу же сүрөт түшүрүлгөн идиштердин сапаты жогорку даражажда болуш үсүн алардын эң жогорку температурада бир нече ирет бышыруу абзел. Ал эми мештин температурасынын ысыктыгы минакари идиштерине колдонулган боёктордун түрүнө жана сапатына карай тандалып алынат бирок мурунку этаптарга салыштырмалуу 500- 600С бышат. Бышып бүткөн соң идиштер коздүн жоосун алып абданжалтылдап калат. Андан соң идиштерди дыкаттык менен карап чыгып, сүрөт тартып аткан учурда кетирилиген кемчиликтер тийиштүү боёктор менен оңдоп боёлот. Эмалдын сапатынын жогору болушуна металдын туура тандалышы, бышыруу сапаттуулугу, жогорку деңгээлдеги кооздоо ыкмасы жана сүрөтчүнүн көркөм таланты, тыкандыгы себеп болот.
Мина өндүрү ыкмасы боюнча эки топко бөлүнөт.
Ханебанди минасы эң байыркы ыкма, аны Сими минасы (зым минасы) деп аташып, абдан белгилүү болгон. Ага абдан ичке жана назик зымдар колдонулан. Ичке зымдарды өз табитине карай форма келтирип, аны атайы даярдалган бөлүкө чаптап, үстүнөн жалтырак же түсү жок лак менен сырташат. Андан соң аны 1000 градус ысыкка салып бышырат. Андан кийинки этап Минакарини пудра сымал өтө майда өзгөчө боекторго боешот. Ошентип ал каалаган түскө боелуп, жылмакай болгон соң аны кайрадан 1000 градус ысыка салып дагы бир жолу бышырышат. Минакаринин бул түрү Исфахан жана Тегеран шаарларында абдан белгилүү болгон, бирок азыркы тапта минакаринин бул түрү бир гана Маданий мурастар борборунда окутулуп, аны жасоо өнөрүн каалоочуларга үйрөтөт. “Кара Мина” бул ханебанди минасынын бир түрү болуп эсептелет. Бул ыкма негизинен мамлекеттин түштүгүндө өзгөчө Ахваз аймагында кеңири колдонулат.