Ползунов Иван Иванович (1728, Екатеринбург, азыркы Свердловск - 16(27). 5. 1766, Барнаул) - жылуулук техникасы боюнча орус адиси, жылуулук кыймылдаткычын ойлоп чыгаруучулардын бири, Россияда биринчи буу установкасын түзүүчү.
- Аскер үй-бүлөсүнөн. 1742-ж. Екатеринбургдагы биринчи орус тоо-кен завод мектебин бүткөн.
- 1748-жылдан Барнаулда эритилүүчү металлды каттоо боюнча техник.
- 1750-ж. унтер-шихтмейстер болуп ингтеген.
- Барнаул заводунун китепканасынан М. В. Ломоносовдун эмгектери менен таанышып, буу насос установкасынын түзүлүшүн өздөштүргөн.
- 1763-ж. 1,8 а. к-но (1,3 кет) барабар кубаттуулуктагы буу кыймылдаткычынын долбоорун иштеп чыккан.
- Ал - өзүнүн техникалык колдонулушу боюнча дүйнөдөгү биринчи универсалдуу кыймылдаткыч.
- Ползунов эритуучү мештин аба үйлөткүчү үчүн жаңы установканы долбоорлогон.
- Установка кубаттуулугу боюнча (32 а. к.) ошол кездеги рекордду ээлеген.
- Ползуновдун ысмы Свердлов тоо-кен металлургиялык техникумуна, Ленинграддагы Казантурбиналык борбордук илимий изилдөө институтуна берилген.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.