Рейтинг (англ. rating – баа) – кайсы бир адамдын, уюмдун, топтун, белгилүү убактагы алардын ишмердүүлүгүн, программасын, пландарын, саясатын баалоонун жекече сандык көрсөткүчү; кандайдыр бир добуш берүүнүн, социологиялык суроо-жооптордун, анкеталардын анализинин негизинде чыгарылат; дегеле калкка кеңири таанымал ишмердин жалпыга белгилүүлүгүнүн деңгээли.