Отурукташкан жай
Сурх
|
Сурх (өзб. Surh, таж. Сурх) — Тажикстан Республикасынын Согд облусунун Исфара районундагы айыл. Климаты жумшак, жылуу, субтропиктик. Бул кичинекей бурчта кеңири бактар жана талаалар бар. Ошондой эле көптөгөн кооз пейзаждар бар.
Аталган айыл Фергана өрөөнүндөгү Кыргызстан менен чектеш Түркстан тоо кыркасынын этегинде жайгашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен чектешет.
Жамааттын аймагы деңиз деңгээлинен 850-890 метр абсолюттук бийиктикте жайгашкан, абанын жылдык орточо температурасы + 13,4 градус жылуу (июлда + 26,7 градус, январда - 2,7 градус), жылына жаан-чачындын көлөмү 140 мм.
Сурх жамааты Тажикстан Республикасындагы эң байыркы шаарлардын бири. 1919-жылы 28-июлда Фергана облусунун Кокон уездинин Исфара волостунун курамында түзүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында бул жерден көптөгөн адамдар фронтко кеткен. Ошондой эле кол менен жасалган тамак-аш, кийим-кече жана башка ушул сыяктуу керектелүүчү нерселер фонтко жиберилип турган. Баары согуштан кайтып келген эмес. Бирок кайтып келгендердин арасында медалдары жана ордендери бар адамдар көп[1].
Айылдын негизги бюджетти түзүүчү борбору коон-бакча жана дан өсүмдүктөрүн өндүрүүгө адистешкен колхоз болгон, ошондой эле өрүк, алма, шабдалы ж.б. бакчалары кеңири. Жамааттын жалпы аянты 3128 гектарды түзөт, анын ичинен сугат жерлери дээрлик 2901 га (жалпы аянттын 73%), 1800 га бак-дарактар (51,5%), жайыттар 230,65 га (болжол менен 7%), турак жай жана коммуналдык социалдык объектилер - 327,32 га, каналдардын жана жолдордун аянты - 279 га.
Борбор шаары | Исфара | |
---|---|---|
Шаарчалары | Нефтиабад • Нурафшан • Шураб | |
Ворух жамааты | Ворух • Майдан • Тидон | |
Күлканд жамааты | Гулистан • Күлканд • Офтобру | |
Лаккон жамааты | Дахана • Лаккон | |
Навгилем жамааты | Күмбази • Кушдевор • Навгилем • Офтобруй • Шуртаңг | |
Сурх жамааты | Сароб • Сурх • Чарбак | |
Ханабад жамааты | Баланд • Заркух • Зархок • Ханабад • Хушабад • Яккачынар | |
Чилгазы жамааты | Богдори • Чилгазы | |
Чоркух жамааты | Сомониён • Хожай-Аало • Чоркух | |
Зумрад жамааты | Зумрадшах • Калъачаи-Мазар • Махпари • Чордех • Шахрак |