Тайган — Кыргызстандын эң бийик тоолуу аймактарында, негизинен Тянь-Шань зонасында калыптанган жана таралган, Борбордук Азия тазыларынын байыркы тобунан чыккан кыргыздардын уучу түпкү тукуму.
Породанын эң негизги өзгөчөлүгү - деңиз деңгээлинен 2-4 миң метр бийиктиктеги тоолуу шарттарда аңчылыкка ыңгайлашуусу. Тайгандар түлкү, кашкулакка аңчылык кылуу үчүн колдонулат; 2-3 иттен турган топ менен карышкыр, аркар, тоо эчкиге аңчылык кылышат. Бүркүт менен биргелешип аң уулоо үчүн колдонсо болот. Туяктууларга аңчылык кылганда жарадар болгон жаныбардын артынан кууп жетип кармап, кээде муунтуп өлтүрөт. Тайган суурга аңчылык кылып, жаныбар жер астына жашынганга чейин аны буктурмадан кармап алганга үлгүрөт.
Тайган казак тазысына окшош, бирок түзүлүшү күчтүүрөөк, массивдүү сөөктөрү менен айырмаланат. Тайган – күчтүү, пропорционалдуу, бою орто жана орточодон жогору, булчуңдары жакшы өнүккөн ит. Башы узун, кургак, бир аз чоңураак. Кулактары самсайган. Арты түз. Куйругу шакек. Жүнү жумшак, кулактарында, капталдарында, ийиндеринде, жамбашында - узартылган. Буттарында жүнү көбүрөөк, ал буттарды коргойт. Тустөрү түрдүү болот[1].
Тайган тукум курут болуу алдында турат. Өлкөдө бул породадагы таза кандуу иттерден миңден көп эмес саны калды[2].
Тарыхый маалыматтар боюнча тайган кызыл көз болот экен. Б.Солтоноевдин излдөөлөрүнүн негизинде тайган:
1. Кабагы тик болот;
2. Тумшугу ичке, узун болот;
3. Көзү кып-кызыл;
4. Сырты октой түз;
5. Мойну жумуру;
6. Оозу өтө чоң;
7. Бели кыска;
8. Эки жамбаштын кошкону эни төрт эли;
9. Толорсугу тик;
10. Беш манжа, таманы кууш, кичине;
11. Түз куйругунун түбү жоон болот деп жазылган.
Ушул сыпатоолорунун ичинен тайгандын көзүнүн кызыл болушу өтө кызыктуу маалымат экен.