Тянь-Шань скутигери (лат. Scutiger tianschanicus A. Bond., syn. Albatrellus tianschanicus[1]) - Мөмөлүк денеси көпчүлүк учурда жалгыздан, кээбирде тегинен экиден биригип турат. Калпакчасы аздыр-көптүр эттүү, жаңы чыкканда серпилмелүү, тез аранын ичинде кургоочу, орто чени басырыңкы, диаметри 1,5-5 см, ортосунун калыңдыгы 0,5 мм, учунуку 1 мм. Сырты кубарган күңүрт түстө, кийинчерээк киргилт-сары, анткени өтө жыш жана майда кабыкчалардан ала-була көрүнөт. Кыры ичке, көпчүлүк учурда айчыктуу. Тканы агыш, тыкыс эттүү, кургаган мезгилде катуу, борпоң, түтүкчөлөрүнүн чеги ичке сызыктуу. Бутчасы аздыр- көптүр орто ченинде жайгашып, узундугу 1,5-3 см, калыңдыгы 0,4-1 см, теги бир аз кеңейип же ичкерип, түксүз, түзсүз, кургаганда бырыштуу. Желбейт.
Изилденбеген. Сентябрдын аягында мөмөлөйт.
Казакстан ( Заилийск Алатоосу: Ысык, Кичи Алматы жана Чоң Алматы капчыгайлары), Түндүк Кыргызстан (Ысыккөл ойдуңу).
Тоолордун ортоңку алкактары. Карагайлуу токойлордун (Picea schrenkiana) топурагында, маданий өсүмдүктөрдүн, Шренк карагайынын кыйындыларында, эски дүмүрлөрдө кичине мөмөлүү дене байлайт.
Анча көп эмес жана сейрек кездешет.
Антропогендик. Карагайлуу токойлордун аянтынын кыскарышы. Өзгөчөлөнгөн формасынан жеңил ойлуулук менен жоготулат.
Маалымат жок.
Казак ССРинин Кызыл китебине (1981) киргизилген.
Жергиликтүү калк арасында скутигерди чогултууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Түр кездешкен жерлерди корукка алуу.
CR. Өтө сейрек кездешүүчү эндем түр.