Хехе | |
Хехе жоокери | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 1,3 млн адам | |
Тили |
кихехе |
Расалык тиби | |
Кирет |
Хехе, вахехе — эл. Танзаниянын түштүк-батышында (Иринга жана Мбея аймактарында).
Жалпы маны 1,3 млн адам (2016)[1].
"Хехе" этноними "хе" согуштук кыйкырыгы менен байланышкан.
Хехе (кихехе) тилинде сүйлөшөт. Хехе тили банту уясына кирет. Жазуусу латын алфавиттин негизинде[2].
Ошондой эле суахили тили кеңири таралган.
Ишенгендердин бир бөлүгү — христиандар (католиктер, лютерандар, англикандар). Калгандары мусулмандар жана растафариандар. Жергиликтүү салттуу ишенимдер (анимизм) сакталып калган.
Негизги кесиби — кол менен иштетилген жер чарба (таруу, батат, жүгөрү, жер жаңгак, сорго, маниок, буурчак өсүмдүктөрү, жашылча). Цеце чымыны жок жерлерде ири жана майда мүйүздүү мал өстүрүлөт.
Жыгачтан оюу (идиш-аяк, эмерек, алачык эшиктери, антропоморфтук айкел), карапачылык, токуучулук өнүккөн.
Жалпак чатыры бар тик бурчтуу сокмо там (үй).
Ботколор жана дан сорполор, токочтор, ачуу татымалдар
Салттуу эркектердин кийими – кең жеңдүү узун көйнөк жана белдемчи, аялдардыкы – кыска жеңдүү көйнөк.
Коомдук түзүлүштүн негизин айылдык жана көп үй-бүлөлүү жамааттар, патрилинейлик уруулар жана курактагы топтор түзөт. Көп аялдуулук, кайчылаш нике, нике куну, левират жана сорорат практикаланат.
"Жамгыр чакыруучулар" өзгөчө бийликке ээ.
Аскердик уюмдун салтын улантып, бир кыйла бөлүгү армияда жана полицияда кызмат өтөшөт.
Бай фольклор сакталып калды; ар кандай музыкалык аспаптар: флейта, барабан, ксилофондор.
Хехе этникалык тобу 19-кылымдын орто ченинде нгонилердин чабуулдарын кайтаруу үчүн бириккен майда уруулардын негизинде өнүккөн. Ал уруулар (башчылыктар) Ухехе бирикмесин түзүшкөн. Ухехе бирикмеси башкаруучу Мквавенин тушунда күчтүн туу чокусуна жеткен. Мквава пилдин сөөгү жана туз менен соода кербенин көзөмөлгө алган, армияны түздү.
1891–1898-жылдары Мквава немис колонизаторлоруна каршы ири көтөрүлүш чыгарган, бирок жеңилген. Мкваванын баш сөөгү Германияга алынып, бирок 1954-жылы мекенине кайтып келген. Азыр Танзания музейинде сакталып турат. Мкваваны Танзаниянын улуттук баатыры деп жарыялады.