Шпет Густав Густавович (1879–1940) – орус философу, Э. Гуссерлдин феноменологиясын улантуучу; Москва университетинин профессору (1918-жылдан). Анын илимий кызыгуусунун багыты: илим тарыхы менен методологиясынан тартып эстетика менен психологияга чейин болгон. Азыркы европалык 17 тилде билүү менен философия, психология, логика жана эстетика боюнча көптөгөн эмгектерди которгон. Шпет Илимий философия институтунун, чыгармачыл жана жогорку окуу жайларында эмгектенген интеллигенциянын эркин философиялык ассоциациясын (1919, Петроград), Этникалык психология кабинетин, Г. Челпанов менен бирдикте Москва психологиялык институтун түзгөн. Ал батыш европа философиясынын тарыхы боюнча бир катар маанилүү изилдөөлөрдү жарыялаган; П. Д. Юркевич, П. Л. Лавров, А. И. Герцендин дүйнөгө болгон көз карашы тууралуу тарыхый-философиялык очерктер да анын калемине таандык. Шпет «түпбашатты» жана «турмуштун принциптерин» табууга аракеттенип, аларды «маңыз», «эйдос», «идея» деп атаган. Тажрыйба жүзүндө алардын маңызын айкындоого Декарт, Спиноза жана Лейбництин рационализминин нугунда чечмеленүүчү адам акыл-эсинин интуициялык көрүнүштөрүн ачуу аркылуу жетишүүгө болот. Гегелдин «рухтун феноменологиясы» деген чыгармасын орус тилине которгон (1959-жылы басылып чыккан) Шпет тилдин философиясы маданият философиясынын негизи деп эсептеген.