Шренк табылгы гүлү (лат. Spiraeanthus schrenkianus, Fisch. et Mey.), (Maxim) - Декоративдүү өсүмдүк, жыгачы кол өнөрчүлүккө керектелүүчү аябай кооз, көркөмдүү. Көпчүлүк учурда жыш шыпыргыдай шактуу, өтө чоң эмес, бийиктиги 3 м ге чейин жеткен бадал. Жаш өркүндөрү ичке түктүү, бозомук-сары, узунунан жаракалуу жана түлөгөн кабыктуу. Жалбырактары түгөйсүз канаттай, узундугу 2-13 см, туурасы 1,5-10 мм, ичке сызгычтай, 20-30 жуп, майда жумуру, калың сымал, түктүү, узундугу 3 мм ге чейин жеткен жалбыракчалардан турат. Гүлдөрү шыпыргыдай топ гүлгө чогулган, узундугу – 9-20 см, бир жылдык өркүндөрдүн учунан өсүп чыгат. Гүлдөрү агыш-мала кызыл, жыпар жыттуу, үстүнкүлөрү гүл сапсыз, жазы коңгуроодой гипантийи сейрек түктүү жана саргыч безчелүү. Желекчелери бозомук-түктүү, узундугу – 5 мм.
Вегетациясы узакка созулган өсүмдүк. Табигый шарттарда вегетациясы апрелде башталып, июнда гүлдөйт. Гүлдөө 15-20 күнгө созулат. Мөмөлөрү июлдун аягы – сентябрда бышып жетилет. Жерге түшкөн уруктары 18 күндөн кийин өнүп чыгат. Бир түбү 2,5 миң мөмө байлайт, бирок табигый көбөйүп өсүүсү начар.
Жапыз тоолордун таштуу жондорунда өтө көп эмес топ болуп өсөт.
Маалымат жок.
Чексиз мал жаюудан жана отун катары пайдалануудан жабыркайт. Жаш өсүндүлөрү жана көчөттөрү жок.
Алматы, Ташкент, Дүйшөмбү шаарларынын ботаникалык бактарында. 1955-жылдан 1958-жылга чейин КР УИАнын Ботаникалык багынын дендрарий коругунда өстүрүлгөн. Өсүмдүк мөмө байлоо фазасына жеткен, бирок түктүү коңорчоктүн конкуренциясына туруштук бербей, солуп калган.
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомунун негизинде Кыргызстанда 1975-жылдан бери мамлекеттик коргоого алынган түрлөрдүн тизмесине кирген. СССРдин Кызыл китебине (1984), Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген.
Өсүмдүктүн сан өлчөмүн тактап, ботаникалык заказник уюштуруу. Ботаника багында эксперименталдык себүү жүргүзүп, табигый учураган аймактарга кайрадан реинтродукция иштерин жүргүзүү зарыл.
CR B2ab( i i i ). Декоративдүү, эндем, сейрек кездешкен, саны азайып бара жаткан реликт тукумдун өкүлү.