Бредель Билли

Бредель Билли (1901-1964) - немис (ГДР) жазуучусу. 1917-ж. "Спартак союзуна" өтөт.

1920-жылдан Германия компартиясынын мүчөсү. Гамбург көтөрүлүшүнүн катышуучусу. Түрмөдө (1930-32) "Машина куруучу завод" (1930), "Розенхоф көчөсү" (1931), "Менчикти сактоо параграфы" (1933) романдарын жазган. 1934-ж. СССРге көчүп келип, "Сыноо" (1935), "Сенин белгисиз тууганың" (1937) аттуу белгилүү романдарын жараткан. 1936-39-ж. Испаниядагы согушка катышкан.

Бредель - "Туугандар жана тааныштар" трилогиясын (1941-53), "Эрнст Тельман" (1947), "50 кун", "Виталиялык бир туугандар" (1950), "Сен үчүн, эркиндик" (1959) аттуу повесттер менен романдардын автору. Эки ЖОЛУ Улуттук сыйлыктын лауреаты, ГСБП (СЕПГ) БКнын мүчөсү, ГДРдип элдик палатасынын депутаты болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.