Жылаңач курал
| |
англ. Naked Weapon / кыт. 赤裸特工 | |
Жылаңач курал (англ. Naked Weapon) тасмасынын англис тилиндеги постери | |
Жанры | |
---|---|
Режиссёру |
Чэн Сяодун |
Продюсери |
Жон Чонг |
Сценарийдин автору |
Вон Цзин |
Башкы ролдордо |
Алмен Вонг (Мадам М), |
Оператору |
Санг Фай Чои |
Композитору |
Кен Чан |
Кинокомпания | |
Узактыгы |
90 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
«Жлаңач курал» (англ. Naked Weapon, кыт. 赤裸特工) — 2002-жылы тартылган Ганконг көркөм тасмасы.
Дүйнөдө спорт жана мушташ искусствосунда ийгиликтерге жетишкен өспүрүм кыздар жоголо баштайт. Эл аралык сырдуу уюмдун жетекчиси Мадам М аларды уурдап, океан жээгиндеги аралга алпарып, жалданма адам өлтүрүүчү кылып тарбиялайт. Аларга кыйын абалда кантип тирүү калууну, адамдын анатомиялык түзүлүшүн, ар кандай чөйрөдө өзүн алып жүрүүнү, жадакалса шараптын даамынан кайсы жылы чыккандыгын билүүгө чейин үйрөтүшөт. Киллер кыздардын өзгөчөлүгү – эч кандай куралсыз туруп коркунучтуу экенинде болот. Алар кадимки 5 манжасы менен адамдын омурткасын жулуп өлтүрүүгө маш кыздардан болушат. Бул кылмыш иштерин бир гана уюм жасай алат. Алар Мадам М'нын үч киллер кызы. Кыздарды издеп табуу кыйынга турат. Анткени алар жулунган омурткадан башка артында из калтырышпайт. БЧБ (Борбордук чалгындоо башкармалыгы) үч кыздан турган киллерлерди «кытай куурчактары» деп атап, артынан аңдый башташат. Тасманын аягында Мадам М өзү өлтүрткөн адамдын досу тарабынан жок кылынып, бул каргашадан жалгыз Шарлин гана тирүү чыгат.
Актёр | Роль |
---|---|
Алмен Вонг | Мадам М |
Мэгги Кью | Шарлин Чин |
Аня Ву | Шарлиндин жакын курбусу Кэтт |
Дэниэл Ву | федералдык агент Жек Чен |
Ченг Пей-Пей | Шарлиндин апасы Фей Чин |
Жевел Ли | киллер, үч кыздын бири Жинг |
N: | Өлкөлөр | Датасы |
---|---|---|
1 | Тайвань | 9-ноябрь 2002 |
2 | Гонконг | 15-ноябрь 2002 |
3 | Корея Республикасы | 16-май 2003 |
4 | Франция | 16-май 2003 (Каннск кинофестивалы) |
5 | Германия | 25-июль 2003 (Фэнтезийн фестивалы) |
6 | Филиппиндер | 27-августь 2003 |
7 | Норвегия | 10-сентябрь 2003 |
8 | Германия | 23-сентябрь 2003 (DVD) |
9 | Кувейт | 30-сентябрь 2003 |
10 | Исландия | 6-ноябрь 2003 |
11 | Жапония | 11-декабрь 2004 |
12 | Нидерланддар | 3-май 2005 (DVD) |
13 | Италия | 24-ноябрь 2006 |
14 | Швеция | 2-июнь 2007 |
15 | Франция | 21-июнь 2007 (DVD) |
«Жылаңач курал» тасмасында сүйүү, туруктуулук, кыздар арасындагы көрө албастык жана чыныгы достук сүрөттөлөт. Гонконгдук кино сынчылар «тасманын тарбиялык мааниси жок, сценарийи баналдуу жазылган» деп сындашкан. Ал эми чет өлкөлүк кино сынчылар, тескерисинче, «тасмадагы зордук-зомбулук, мыкаачылык жана жүрөк үшүн алчу эпизоддорду азиаттар кооз, таасирдүү сүрөттөп беришкен» деп макташкан. Тасма катуу сынга алынганы менен, дүйнө жүзүндө чоң кызыгуу жараткан.